Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!

2019-жылдын 15-февралынан 15-майга чейин мектеп-гимназиясына бекитилген аймактарда жашаган балдарды 1-класска кабыл алуу башталат. МГга бекитилбеген территорияда жашаган балдар үчүн биринчи класска арыздарды кабыл алуу 2019-жылдын 16-майынан 15-августуна чейин жүргүзүлөт.

«Мектепке электрондук жазылуу» проектиси – бул мектеп жашына жеткен (6-7жаш) балдардын Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдарына биринчи класска жазылуу процессин автоматташтырууну камсыз кылуучу маалыматтык система.

«Мектепке электрондук жазылуу» системасын ишке ашыруу 6-7- жаштагы мектеп жашына жеткен  баласын биринчи класска киргизүү үчүн mektep.edu.gov.kg  Бирдиктүү электрондук реестринде каттоого КР ар бир жаранына мүмкүнчүлүк берет.

«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштетилүүчү жеке маалыматтар

«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында баланын, арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн, КРнын жаранын жана чет жердик жарандын жеке маалыматтары иштетилет:

  1. Аты-жөнү (баланын жана арыз берүүчүнүн);
  2. Баланын жынысы;
  3. Баланын туулган күнү, айы, жылы (мындан ары — датасы);
  4. Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондору;
  5. Жашаган жеринен алынган маалымадамага туура келген жашаган жеринин адреси;
  6. Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн электрондук адреси

МГга бекитилген террияторияда жашабаган балдар үчүн 1-класска кабыл алуу бош орун болгондо гана жүргүзүлѳт.

МГ-нын  бекитилген  кичиаймагы:

Абдрахманов көч: 97, 99, 101, 103, 105/1, 105/2, 105/3, 119, 125-үйлөр;

Үсөнбаев көч.: 3, 3а, 24, 26, 37-үйлөр;

Шопоков көч: 29, 29а, 31, 31а, 33, 34, 35, 36, 37-үйлөр;

Бөкөнбаев көч: 14, 78, 76, 59,61-үйлөр;

Ибраимов көч: 26, 28, 30, 32, 34, 40, 42-үйлөр;

Москва көч: 64, 86-үйлөр;

Чокморов көч: 79, 83-үйлөр;

Түгөлбай Ата көчөсү 39.

Урматтуу ата-энелер, көрсөтүлгөн даректерде  жашаган мектеп жашына чейинки курактагы балдардын тизмесин тактоо максатында, балаңыз тууралуу маалыматты үй комитетинин башчысына  берүүңүздөрдү суранабыз.

Мектеп  жашына чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин мектептин кичи аймагында  жашагандыгы документтик  түрдө аныкталат.

1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  2. баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
  3. ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
  4. мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
  5. Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
  6. Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
  7. 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
  8. Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы).

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета