Мектептин окуучуларынын кеңеши

Окуучулардын коомдук активдүүлүгү

 Мектепте ар бир баланын коомдошуусун камсыз кылган ѳз алдынча башкаруу системасы иштейт. Окуучулардын мектептик Кеңешине 8-11-класстын окуучулары кирет. Окуучулардын Кеңеши чыгармачылык иштердин демилгечиси болуп эсептелет жана класстык окуучулук Кеңештердин иштерин багыттайт.

Мектептик ѳз алдынча башкаруу – ар бир окуучу ѳзүнүн орунун аныктай ала турган, ѳзүнүн мүмкүнчүлүктѳрүн жана шыктарын кѳрсѳтүп колдоно ала турган бирдиктүү жана ѳз алдынча жашоонун ѳтүшүнүн режими. Балдардын коллективинин активдүүлүгүнүн ѳсүшү үчүн чоңдордун жана балдардын ѳз ара мамилелеринин стили чечүүчү ролду ойнойт. Бул жерде балдардын күчүнѳ ишенүү, алардын демилгелерин, ѳз алдынча ишмердүүлүгүн максималдуу колдонууга жана ѳнүктүрүүгѳ умтулуу, коллективдин жашоосундагы бардык маселелерди чечүүдѳгү алардын ѳз алдынчалуулугун тарбиялоо.

Окуучулардын ѳз алдынча башкаруусу балдардын жана педагогдордун ѳз ара байланышын сѳзсүз түрдѳ талап кылат.  Балдар чоңдордүн жардамына муктаж, ѳзгѳчѳ эгерде аларда ѳз ара мамилелердин кѳйгѳйлѳрү болсо. Психологиялык билимдерге ээ жана педагогикалык тажрыйбага ээ педагог ѳз убагында коллективдеги конфликти алдын ала токтото алат, баланын ишмердүүлүгүн туура жакка багыттап, балага кѳйгѳйлѳрүн чечүүдѳ, ѳзүнүн ордун бекемдѳѳдѳ  жардам бере алат. Бала үчүн жумушту жасабай жардам гана берет, болбосо балдар ѳзүнүн кызматына формалдуу мамиле жасап калышат. Балдар иш жүзүндѳ  жумуштун белгилүү бѳлүктѳрүндѳр уюштуруучу болушу үчүн аларга жѳн гана укукту берип коюу жетишсиз, аларды ѳздѳрүнүн милдеттерин аткарууга жана ѳзүнүн укуктары менен колдонууга үйрѳтүү зарыл. Ата-энелер комитети тарабынан дагы колдоо кѳрсѳтүлѳт жана ар кандай жардам берилет. Мектепте аталардын Кеңеши түзүлгѳн.

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета